Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргыз саясатчыларынын АКШга сапары уланууда


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, учурда АКШда сапар менен жүргөн кыргыз саясатчылары Кошмо Штаттардагы кыргыз коомчулугунун вице-президенти К.Шайназарова жана директорлор кеңешинин мүчөсү Б.Өмүралиев менен жолугушкан. Анда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев АКШда кыргыз маданий борборунун түзүлүшүн жогору баалап, борбор кыргыз диаспорасы менен америка коомчулугунун байланышын чыңдоого, Кыргызстандан келген мигранттарга колдоо көрсөтөөрүн билдирген. Маалыматка караганда, Курманбек Бакиев Вашингтондо АКШнын белгилүү финансист жана банкирлери менен, андан кийин Кошмо Штаттардын Чыгыш жээгинин ишкерлери менен жолугушкан.
Бул күндөрү Америкада мурдагы премьер-министрлери Курманбек Бакиев, Амангелди Муралиев, саясатчылар Муратбек Иманалиев, Эмил Алиев жана Өмүрбек Текебаев жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG