Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Жан Бертраң Аристид өзүн дагы эле Гаитинин президентимин деп эсептейт


ПОРТ-АУ-ПРИНЦ. Гаитинин бийликтен кулатылган президенти Жан Бертраң Аристид өзүн дагы эле Гаитинин демократиялык жол менен шайланган президентимин деп эсептейт. Борбор Африка республикасынан жасаган билдирүүсүндө Аристтид өз тарапкерлерин "оккупанттарга" тынч жол менен каршылык көрсөтүүгө жана өлкөдө демократияны калыбына келтирүүгө үндөдү. Бул чакырык 29-февралда өлкөдөн качып чыккан Аристиддин президенттик ордуна Бонифас Александре отурган соң жасалды. Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Аристидди өткөндү козгобой, Гаитинин элине келечекке карай ансыз арымдоого мүмкүндүк берүүгө чакырды.
Аристиддин "өлкөдө төңкөрүш жасаганга жардам бердиңер" деген айыптоолорун ырасмий Вашингтон менен Париж четке кагып жатышат. Бул эки өлкө тең козголоң чыккан Гаитиде өз аскерлерин жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG