Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

СТАМБУЛДА МАСОНДОРДУ БУТАГА АЛГАН ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ БОЛДУ


Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Кечээ, шейшембиде, Стамбул шаары жөөттөрдүн 2 синагогуна, Британийанын консулканасына жана HSBC банкынын имаратына карата жасалган жанкечти террор актыларынан үч жарым ай өткөндөн кийин дагы бир жолу террордун бутасы болду.

“Эркин жана Кабылдык алган Масондордун Чоң Ложасы” деп аталган уйумдун Стамбул шаарынын Картал районундагы бөлүмүндө жергиликтүү убакыт менен саат кечки 10 жарымда ишке ашырылган жанкечти террордук кол салуунун натыйжасында 2 киши (бири - террорчунун өзү) өлүп, 6 киши (бири – террорчу) жарадар болду. Алынган кабарларга ылайык, Масон ложасынын 3 кабаттуу имаратына келген 2 террорчу адегенде имараттын сакчысын жарадар кылып, биринчи кабаттагы ресторанды басып киришкен. Ал жерде тамактанып олтурган 40 чактуу кишиге тапанча менен ок аткан террорчулардын бири денесине байлап алган бомбаны жардырып жиберген. Анын натыйжасында жанкечтинин өзү менен бирге бир официант өлүп, 6 киши жарадар болду. Жарадар болгон террорчу ооруканага алынып бараткан учурда полицийа кызматчыларына өз атын Абдулла Ислам деп билдирип, “Израилдин Ложасына өлүм” деп кыйкырык салган.

Шаршемби күнү басма сөзгө маалымат берген Стамбул шаарынын акими Муаммер Гүлер террордук чара менен байланыштуу ар тараптуу иликтөө жумуштары башталгандыгын айтты. Гүлер, ошондой эле, бул терракттын өткөн жылдын нойабр айындагы жардыруулар менен кандайдыр-бир катышы жок экени болжолгону менен, тергөө ар кандай мүмкүнчүлүктү эсепке алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Юстиция министри Жемил Чичек дагы бул окуя тууралуу бүгүн чыгып сүйлөдү:

- Мамлекеттин кубат-бедели мындан ары да азыркыдай эле күчтүү бойдон кала берет. Бул фактыны кенебегендер жана мамлекеттин кубаты алсырады деп ойлогондордун тилеги кечөө болгон окуядагыдай эле таш кабат.

Ушул арада мамлекеттик коопсуздук сотунун тергөө бөлүмү, террордук чабуул менен байланыштуу көп тараптуу тергөө жумушун башташандыгы кабарланды.

Шейшемби күнкү терракттын бутасы - “Масон ложасы” кандай уйум болду экен? деген суроого кайрыла кетели. Куддус (Иерусалим) шаарындагы пайгамбар Сулаймандын ыбаадатканасын тургузган Хирам устага чейин барып такалган байыркы семиттик «масон» деген сөз “дубал устасы” дегенди түшүндүрөт. Орто кылымдарда Европада дубал тургузуу өнөрү өтө чоң сыйга жана урматка ээ болгондуктан, масон деген кесиптик сөз кеңири кулач жайды. Ошо доордун шартына ылайык дубалчылар өз таламдарын жактоо үчүн атайын кесиптик шериктерди - «Масон ложаларын» куруп, бул уюмдар аркылуу коомдун экономикалык жана сайасий турмушунда маанилүү рол ойноду.

Орто кылымдардагы кесиптик бирикмеден учугун улаган айырмалуу диний-этикалык кыймыл 18-кылымдын башында Улуубританияда пайда болгон. Масондор дүйнө жүзүндө жашыруун аракеттенген уюм желесин түзүп, ал аркылуу бүткүл адамзатты диний ынтымакка баш коштурабыз деп кыялданышкан. Масондор бир кудайды тааныйт, бирок кудай ар кандай диндерге жана диний ишенимдерге жол берет деп санашат.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде Масон ложалары бар. Ага мүчө болгондор, бирин-бири өзгөчө ышаралар же айтылган атайын сөздөр аркылуу тааный алышат, бирок масон жамаатынан болбогон киши андай ишаараларды биле албайт. Масондор ар дайым сыр пардасы менен чүмбөттөлүп жүргөндүгү үчүн көпчүлүк өлкөлөрдө коомчулук аларга сестенүү менен карашат. Түркийадагы 19-кылымда түптөлгөн Масон ложасы дагы 1990-жылдардын башына чейин өз ишин тымызын жүргүзгөн купуйа сырдуу бир уйушма эле. Дегеле өлкөдө андай бир уйушма барбы же жокпу, эч билинбейт болчу.

1990-жылдардан тартып Түркийадагы Масон ложасы коом алдына ачыктан-ачык чыгып, юстицийа министрлиги тарабынан ырасмий түрдө катталды. Бирок дагы эле жамааттын сыр пардасы бүтүндөй ачыла элек. Түркийалык масондордун интернет баракчасында Масон ложасы жашыруун эмес, бирок өзүнө мүчө болбогондорго жабык бир коомдук уйушма экендиги айтылат.

Тарыхка кылчайсак, Осмон дөөлөтүнүн бир катар султандары да масондордун тымызын тобуна мүчө болгон экен. Ал эми дүйнөдөгү атактуу масондордун арасында Жорж Вашингтон, Теодор Рузвелт, Ридярд Киплинг, Уинстон Черчилл, Наполеон Биринчи, Петр Үчүнчү, Александр Экинчи сыяктуу көптөгөн мамлекет башчылар, атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жазуучулар, композиторлор жана аскер жетекчилери болгону айтылат. Кишинин көңүлүн өзүнө өзгөчө тарткан бир жагдай - кайтыш болгон масондор жөнүндө ачык билдирилет да, ал эми жашап жаткан атактуу масондордун аты коомчулукка жарыя кылынбайт.

XS
SM
MD
LG