Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Кечээ Испаниядагы антитеррордук манифестацияларга он бир миллион киши катышты


Бул жалпы калктын чейрек бөлүгүнө барабар. Мадриддеги азан-казан жыйындарда эки миллиондой адам, алардын ичинде мураскер канзаада Филипе, өлкөнүн премьер-министри Хосе Мария Аснар жана европалык көптөгөн лидерлер болушту. Алар Мадридге, Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер ырастагандай, испан элинин кайгысын бөлүшүп, ага жылуу ыкыласын жана тилектештигин билдирүү үчүн келишти. Британ премьери Тони Блэр террористтер каерде болбосун, качан болбосун сокку урушу мүмкүн экенин эскертти. Бирок алар эркин дүйнөнү коркута албайт, өзүбүздү коргоо жана террорду жеңип чыгуу үчүн биз бардык зарыл иштерди жасайбыз, деп билдирди британ премьери.

XS
SM
MD
LG