Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Крис Паттен Борбор Азия өлкөлөрүн демократияга жана адам укуктарын урматтого чакырды


Европа биримдигинин тышкы саясатты тейлеген комиссары Крис Паттен бул тууралуу кечээ Алматыда ишкерлер жана саясий ишмерлер менен жолуккан учурунда айтты. Ошондой эле террорчулукка каршы күрөштө кыраакылыкты көргөзүү зарылдыгын, бирок бул адам укуктары менен граждандык эркиндиктерди чектөөнүн эсебинен болбош керектигин белгиледи. Ал эми Казакстанга байланыштуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Биз Казакстанда акыркы он жылдын ичинде жетишилген олуттуу ийгиликтерди, маселен, диндер жана улуттар аралык биримдикти тааныйбыз. Бирок биз бул жерде саясий баалуулуктар боюнча жандуу талаштар бар экенин да билебиз.

Крис Паттен Борбор Азиядагы иш сапарынын алкагында Кыргызстанда да болот.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG