Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Испания Ирактагы аскерлерин чыгарып кетиши мүмкүн


Бул тууралуу Испаниядагы парламенттик шайлоодо жеңип чыкан Социалисттик партиянын лидери, өлкөнүн болочок премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро билдирди:

- Мен Ирактагы согуш ири апаат экенин, оккупациянын уланышы апаат гана болоорун көп жолу айткам. Бул зордук –зомбулук, жек көрүүчүлүктөн башка эч нерсе берген жок жана мындан сабак алуу зарыл.

Испан социалисттеринин лидери шайлоо кампаниясы учурунда эле быйыл жыл ортосуна чейин БУУ Иракты көзөмөлдөөнү өзүнө албаса, ал жердеги аскерлерди чыгарып кетүүнү убада кылган болчу. Байкоочулардын пикиринде, испан социалисттеринин шайлоодогу жеңишине Мадридде өткөн бейшембиде орун алган ири террактын таасири чоң болду.

XS
SM
MD
LG