Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:53

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ “КУЛ БАЗАРЛАР” ЖАНА МАРДИГЕРЛЕР


Бурулкан Сарыгулова, Прага. Совет өкмөтү кулагандан кийинки массалык жумушсуздук пост-советтик өлкөлөрдүн аймагында “кул базар” деген жаңы түшүнүктү пайда кылды. Ар өлкөдө ар башка аталышка ээ “кул базарлар” жалданма жумушчулар чогулуп, жумуш ээсин күткөн жай. Бул жерге адатта өспүрүм улан кыздан тартып, улгайган аял-эркекке чейин келишет, анан табылган жумушта иштөөгө макулдук берип, ээрчиткен жагына жөнөшөт. Өзбекстанда мындай жалданма жумушчуларды «мардикерлер» деп коюшат.

“Азаттык” радиосунун Өзбек кызматынын кабарчысы Замира Эшанованын айтымында, Өзбекстанда аялдар үчүн өзүнчө “күң базар” бар. Күнүнө таң азандан иш издеп ал жерге баргандардын бири Озода Эшмурадова, кесиби – мугалим.

Кашкадарыя облусунда жашаган бул жесир аял эптеп эки баласын багуу максатын көздөп Ташкенге келген. Бирок, шаарда расмий каттоосу жок бул аялдын күң базардан башка барар жери жок болчу. Ошондуктан, ал өзү сымал аялдар менен биригип, жалданма батирге чыгып, ар күнү 3 миң сумдук, башкача айтканда, 3 долларлык жумуш аткарып кайтат. Ошентип отуруп ал айына балдарына жана ата-энесине 100 миң сум таап жөнөтүүгө үлгүрөт. Бул өз жеринде мектепте тапкан маянадан кыйла көп, анын үстүнө акчаны накталай алганы менен ыңгайлуу. Бирок, мындай иштин пайдасынан тозогу көп.

Бул тууралуу Эшмурадова өзү мындай дейт:

- Адатта, 10-15 аял топтошуп алып талаачылыкта, маселен, сабиз казуу өңдүү айыл чарба жумуштарында иштейбиз. Ишкер кечке чейин иштетип, бирок аз акча берген же караманча акы төлөбөй койгон учурлар да болот. Мындайда биз адатта, кудайга кара деп, ыйманга чакырып, кыйкырып-кыйкырып тим болобуз.

Ташкендеги аялдардын ресурстук борборунун уюштуруучуларынын бири Марфуза Тохтокожаеванын айтымында, өлкөдөгү экономикалык кыйынчылык ириде аялдарды жабыркатып жатат:

- Юридикалык жактан бул аялдар эч кандай укукка ээ эмес. Алардын укугун коргогудай мыйзам да жок. Өзбек коомчулугу болсо алардын тандап алган жолун караманча жактырбайт. Ошондуктан, аларды сойкуга салыштырышат. Аялдардын укуксуз экенин жакшы билген ишкер аларды каалагандай пайдалана алат. Анан калса чын эле сойкулук дагы эмгек базарындагы жумушчу орундун бири болуп калат.

Өзбек бийлиги мардикерлердин базарын жөнгө салуу максатында ички иштер министрлигинин алдында жумушка жайгаштыруу борборун ачкан. Бирок, Эшмурадова өңдүү аялдар кокус бийликтин көзөмөлүндө иштешсе, күч бийлиги аялдарга ого бетер кысым көрсөтөөрүн бөркүндөй көрүшөт. Эшмурадова, маселен, расмий каттоосу, иши жок болгондуктан, тартип коргоо органдары өзүн шаардан чыгарып салабы деп коркуп, милицияга ансыз деле пара берип турат.

Укук коргоочу Тохтакожаеванын айтымында, азыр Өзбекстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун, каржылык колдоонун жоктугунун кесепетинен ажырашуулар көп учурап атат. Ажырашкан аялдар кара күчүн сатуу менен жан багууга өтүүдө.

Алардын бири дал ушул Озода Эшмурадова. “Айрым кара күчүн короткусу келбегендер сойкулук аркылуу акча табышат, андайдан кудай сактасын”, - дейт Озода.

Ошентсе да сексуалдык кыянатчылык, милициянын опузасы өңдүү кооптуу жагдайлар, арзыбаган акчага таңдан кечке жан сабаган түйшүк күтүп турганын билип туруп, Озода Эшмурадова ар күнү эртең менен таң азандан иш издеп Ташкендин Чорсу базарындагы мардикерлер базарына жөнөйт.

XS
SM
MD
LG