Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Саясий партия чет жердеги боордошторуна жардам берди


БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши ушул жылдын 26-февралында Орусиянында Магнитогорск шаарында болгон өрттө 350 миң долларлык товарынан айрылган кыргыз соодагерлерине 50 миң сомдук жардам берди. Бул тууралуу бүгүн партиянын саясий бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Табылдиев билдирди. Анын айтымында, партия азыр чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз мигранттары тууралуу маалымат жыйнап, аларга камкордук көрүү аракеттерин көрө баштады. Маалымат толук жыйналгандан кийин уюм алардын укугун коргоо үчүн атайын мыйзам долбоорун даярдоону өкмөткө сунуштайт. Табылдиевдин айтымында, бул -партиянын узак мөөнөттүү программасы болот.

XS
SM
MD
LG