БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги жогорку окуу жайларында «Нооруз» майрамына арналган салтанаттуу оюн-шооктор болду. Жаз майрамынын урматына улуттук каада-салттар, нооруз жөрөлгөрү жасалды. Ал эми 21-мартта «Манас айылы» тарыхый-этнографиялык комплексинде Нооруздун урматына Чоңарык айылдык кеңеши театрлаштырылган оюн-зоок, улуттук оюндарды өткөрөт. Ошондой эле Бишкек шаарынын борбордук аянтында жалпы элдик маданий эс алуу каадасы эртең менен саат 10до башталып, майрамдык кызыктуу программалар тартууланат. Кечкисин аянтта өтүүчү театрлаштырылган оюн-зоокко өлкө башчысы катышат.