Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

ЕВРОБИРИМДИКТИН КОМИССАРЫНЫН БОРБОР АЗИЯГА ИШ-САПАРЫ АЯКТАДЫ


Сапар Орозбаков, Прага шаары Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча атайын өкүлү Крис Паттен Казакстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери менен жолугуп чыккандан кийин, анын Борбор Азиядагы сапары аягына чыкты. Ал бул өлкөлөрдүн бийлик ээлери менен жолугушууларында бул 4 өлкөдөгү экономикалык жетишкендиктер атуулдук коомду түзүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган реформалар менен коштолууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттен өтүп бараткан аптада Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып, бул өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар менен таанышып чыкты. Жума башында Казакстанда болгон Паттен бул мунайга бай өлкөнү Европа өзүнүн Борбор Азиядагы таянычы деп эсептээрин билдирди. Ошону менен бирге Евробиримдиктин атайын өкүлү Астана адам укуктарын камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү багытында иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи:

- Биз Казакстан акыркы 10 жыл ичинде олуттуу жетишкендиктерге жетишти деп эсептейбиз. Биз өлкөдөгү дин аралык жана этннос аралык ынтымакты сактоо багытында жүргүзүлгөн иштерди жактырабыз. Бирок биз өлкөдө саясий баалуулуктарга байланыштуу талаш-тартыштар да бар экендигин билебиз.

Президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп чыккандан кийин Паттен Казакстан, эгерде ал ЕККУ менен тыгыз кызматташууга ниеттүү экендигин далилдесе, 2009-жылы ЕККУну жетектеген өлкө болуп калышы мүмкүн экендигин белгиледи. ЕККУ жакында Казакстандын парламенти кабыл алган маасалык маалымат каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамды кубаттабай тургандыгын билдирген.

Экономикалык кызматташуу маселеси жөнүндө болсо, Паттен быйыл майда Евробиримдиктин чыгыш өлкөлөрүнүн эсебинен кеңейтилишине байланыштуу Казакстан менен экономикалык байланыштар күчөтүлөт деп айтты. Казакстан Евробиримдиктин бул региондогу эң ири соода өнөктөшү болуп эсептелет. Соода көлөмү 5 млрд 500 миллион еврого жетип, анын көпчүлүгүн мунай түзөт.

Паттен Тажикстанга барганда өлкөнүн президенти Имомали Рахмоновго 2005-жылы өтө турган президенттик шайлоонун адилет өткөрүлөөрүнө ишеничин билдирди. Ал атуулдук согуш аяктагандан кийин өлкө демократия жолунда жана жакырчылык менен күрөшүү багытында бир топ ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Ал Евробиримдик өлкөгө берип жаткан өз жардамын улантарын кошумчалады.

Евробиримдиктин комиссары Бишкекте болгон кезинде кыргыз өкмөтүн 2005-жылы боло турган шайлоолорду ачык жана адилет өткөрүүгө чакырды. Крис Паттен Кыргызстан өзүнүн демократиялуу өлкөгө айланам деген убадасын шайлоодо көрсөтө алат деп эскертти. Ал ошондой эле Аскар Акаевдин дагы бир президенттик мөөнөткө барбоо тууралуу чечимин кубаттады:

- Менин билишимче, президент жаңы мөөнөткө барууну каалабайт. Ошондуктан бул - системанын ачыктыгынын жана ишенимдүүлүгүнүн мисалы болуп калат деп ойлойм. Мен бул өлкө башкаларга демократиянын жетилиши боюнча үлгү болоруна ишенем.

Президент Аскар Акаев менен сүйлөшүү жүргүзүп чыккандан кийин Паттен Евробиримдик Кыргызстанда адам укуктарын коргооого багытталган демократиялык реформага жардам берээрин айтты. Ал Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев менен өлкөдө Евробиримдиктин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу келишимге кол койду.

Бейшембиде жана жумада Крис Паттен Өзбекстанда болуп, Чек арасыз кабарчылар (репортерлор) аттуу уюмдун мүчөлөрү менен жолугушту. Парижде негизделген бул маалымат каражаттарын коргоочу уюмдун мүчөлөрү Паттенге ар кандай жалаа менен бир нече журналист түрмөдө отургандыгын айтышып, андан аларды бошотууга жардам берүүсүн өтүнүштү. Мисалы, журналист жана укук коргоочу Руслан Шарипов жашы жетпеген өспүрүмдөр менен жыныстык катнашта болду деген айып менен 4 жылга кесилген. Ал өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес. Ошондой эле Юсуп Разимурадов, Мухамед Бекжанов, Мажид Абдураимов, Кайрат Мехлибоев да диний экстремизм менен байланышы бар деп узак мөөнөткө соттолушкан.

Жалпысынан, серепчилердин айтымында, Паттендин бул иш сапары Борбор Азиядагы демократиялык жараянга жана адам укуктарынын абалына Европа биримдиги кайдыгер эмес экендигин дагы бир ирет айгинеледи.

XS
SM
MD
LG