Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

"Энесай" гезитинин баш редакторунун камалышын «Журналист» бирикмеси иликтей баштады


БИШКЕК. «Энесай» гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленовду «Журналист» коомдук бирикмеси коргойт. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Кубан Мамбеталиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, «Журналист» бирикмеси Аленовду коргоо максатында эларалык уюмдарга кайрылып, алардын жардамы менен тажрыйбалуу адвокат табууга аракеттенүүдө. «Биздин маалымат боюнча Аленов депутат Тайырбек Сарпашевден карызын өндүрүп алууга аракеттенген. Биз Аленовдун Ички иштер министрлиги айыптагандай опузалап бирөөдөн акча алганына ишене албайбыз. Ал андайга жөндөмдүү эмес», деп билдирди Мамбеталиев. «Журналист» бирикмеси «Энесай» гезитинин редакциясында иштеген 22 жаштагы Гүлнара Абыкееваны да тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү коркутуп-үркүтүү менен бул ишке аралаштыруусуна каршы чыгып жатабыз, деп белгиледи Мамбеталиев.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, «Энесай» гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленов 18-мартта депутат Тайырбек Сарпашевдин агасы Эмир Сарпашевден 800 доллар алган жерден кармалганды.

XS
SM
MD
LG