Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАР МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРДЫН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргыз коомчулугунда Өзбекстандагы жардыруулардын келип чыгыш себеби жана мындай кайгылуу окуяларды алдын алууга болобу деген суроонун тегерегинде түрдүү пикирлер айтылууда.

Акыркы күндөрдө Өзбекстандын бир катар шаарларында болгон террордук жардыруулар Кыргызстандын аткаруу бийлигин, өлкөдөгү саясатчыларды жана карапайым атуулдарды кайдыгер калтырган жок.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун пикиринде, Өзбекстандан качкан террорчулар Кыргызстандын аймагына өтүп кетиши толук ыктымал эле. Ошондуктан соңку күндөрү Кыргызстандын чегара кызматтары күжүрмөн даярдыкка келтирилип, көзөмөл күчөтүлдү. Ошондой эле Өзбекстандагы жардыруулардан соң Кыргызстанда коопсуздук чараларын күчөтүү максатында өкмөт башчы Николай Танаев башында турган оперативдүү штаб түзүлүп, стратегиялык маанилүү жайлар, элчиликтер күчөтүлгөн кайтарууга алынды.

Ошондой болсо да кыргыз коомчулугунда Өзбекстандагы жардыруулардын келип чыгыш себеби жана мындай кайгылуу окуяларды алдын алууга болобу деген сууроолордун тегерегинде түрдүү пикирлер жаралууда. Белгилей кетүүчү нерсе, негедир мындай суроолорго жооп берүүдө Өзбекстан менен Кыргызстандын ырасмий өкүлдөрүнүн пикирине кыргызстандык саясатчылардын жана байкоочулардын пикири дал келбейт.

Маселен, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өз билдирүүсүндө мындай жардыруу үчүн «Хизб ут-Тахрир» диний уюмун айыптады. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов мындай кандуу окуялар Өзбекстан ислам кыймылы жана «Хизб ут-Тахрир» уюмунун өкүлдөрү тарабынан жасалышы ыктымалдыгын билдирди. Эки өлкөнүн ырасмий бийлик өкүлдөрүнүн мындай пикирлерине кыргызстандык айрым саясатчылар жана жергиликтүү байкоочулар маакул эмес. Алсак, «Кыргызстан укук коргоо кыймылынын» жетекчиси Турсунбек Акундун пикири төмөндөгүчө:

- Мындай жардырууларды Өзбекстан ислам кыймылы же «Хизб ут-Тахрир» уюштурду деген караманча туура эмес. Анткени Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү Ооганстандагы антитеррордук согуш маалында эле талкаланган. Ал эми калгандары ар кайсыл өлкөдө качып жүрүшөт. Менин оюмча, бул Өзбекстандагы демократияга, адам укугуна каршы чыгуу. Мына көп жылдан бери Каримовдун бийлиги адам укугун тебелеп келет. Ал өлкөдө канчалаган сасий туткундар бар. Канча адамдар саясий же диний көз-карашы үчүн камалып, түрмөдө отурушат. Мындай жардырууну мына ошол адамдардын балдары, туугандары аргасыздан, акыйкатка жетпегендиктен уюштурушту.

Айта кетүүчү нерсе, буга чейин Кыргызстандагы эң ири "Дордой" базарында жана Ош шаарындагы акча алмаштыруу жайында террордук жардыруу болуп, бир нече адам каза болгон. Журналист Абдувахаб Мониевдин пикиринде Өзбекстандагы жардыруу менен Кыргызстандагы жардыруулардын табияты окшош эмес:

- Өзбекстанда жана Кыргызстанда болгон террордук жардыруулардын келип чыгыш себептери ар башка. Кыргызстандагы жардыруулар биздин аткаруу бийлигинин өлкөдө коопсуздукту сактоого чамасы жетпей, Кыргызстанды ар кандай кылмыштуу топтордун талаш-тартышын чечүүчү жайга айландырганынан улам болгон.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин башчысы Исмаил Исаков Өзбекстандагы жардыруунун себеби тууралуу башкача пикирде:

- Өзбекстанда террордук жардыруулардын болушу мындай аракеттердин артында айрым ири өлкөлөрдүн атайын кызматтары тураарынан кабар берет. Албетте кайсыл өлкө экендигин ачык айтууга болбойт. Аны соңку жылдарда Өзбекстан кайсыл дөө-шаа өлкө менен жакшы, кайсыл өлкө менен мамилеси начардап кеткендиги эле көрсөтүп турат.

Ал эми Укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, эгерде Борбор Азия өлкөлөрүндө келечекте да адам укуктарын бузуу улана берсе мындай террордук акциялар беш мамлекеттин ар биринде, анын ичинде Кыргызстанда да болушу ыктымал:

- Эгерде Феликс Кулов камактан чыкпаса, Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланбаса же Кыргызстанда авторитардык башкаруу жоюлбаса - мындай жардыруу Кыргызстанга да эртең эле келет.

Укук коргоочу Турсунбек Акундун жогорудагы пикирине Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы Жуманов макул эмес:

- Бир өлкө менен экинчи өлкөнү салыштырууга болбойт. «Ушундай окуялар биздин өлкөгө да келет» деген сөзгө мен кошула албайм. Анткени биздин өлкө жетекчилигинин исламга болгон көз-карашы абдан жакшы. Дегеле бүгүнкү күнү Борбор Азия же башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда адам укуктары жана сөз эркиндиги эң жогору деңгээлд сакталууда.

XS
SM
MD
LG