Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Бүгүн Ысыккөл облусунда ишембилик өттү


Жергиликтүү маалыматка караганда, бул күнкү ишембиликке Каракол шаарындагы 80ден ашуун мекеме, уюмдардын эмгек жамааттары, студенттер жана мектеп окучуулары катышты. Каракол шаарына 10 миңге жакын, ал эми облус боюнча 700 миңден ашуун тал- теректин көчөтү отургузулду, ошондой эле шаар акыр-чикирден тазаланды. Ал эми ишембиликке катышкан айрым адамдардын пикирине караганда, жыл сайын Каракол шаарынын күн чыгыш тарабындагы эки гектар жерге көчөттөр отургузулганы менен бир дагы тал терек бүчүр байлабайт. Көчөт отургузуу куру бекер убарагерчилик.

XS
SM
MD
LG