Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

ИРАКТАГЫ КОЗГОЛОҢ КОРДОЛО БАШТАДЫ


Ирактын Фаллужа шаарындагы кагылыштарда жергиликтүү калк арасынан отуздан ашуун киши өлдү. Ал эми Рамади калаасында америкалыктар он эки жоокерин жоготту. Уруштар Эн-Насирия жана Кербала шаарларында да жүрүп жатат. Айрым кабарларда америкалык аскерлер Фаллужаны алганы, ал эми Эл-Кут шаары козголоңчулардын колуна өткөнү айтылууда. Бул жерде жайгашкан украиналык контингент коалициялык командачылыктын буйругуна ылайык калаадан чыгып кеткен эле. Америкалык командачылыктын өкүлү генерал Марк Киммит имам аc-Садрдан жана анын тарапкерлеринен куралдарын таштап, багынып берүүнү талап кылды. Коалиция “Мехдинин армиясы” деп аталган топту толук жок кылат, деп билдирди генерал.

Коалицияга каршы Иракта эки бирдей фронт ачылды. Анын биринчиси – “сүннүлөрдүн үчбурчтугу” деп аталган районго туш келет. Фаллужа - бу фронттун башкы сепилине айланды. Коалициялык күчтөр шаарды камоолго алып, өткөн аптада америкалык бейаскери төрт адисти атып салган козголоңчуларды издеп жатышат. Экинчи фронт катары Багдад, Басра, жалпы эле молдо аc-Садрдын тарапкерлери басымдуулук кылган аймактар аталууда.

Имам аc-Садр өзү Нежафта жашынып жатат дешет, шейшемби күнү ал Ирак сүннүлөрүн да шийиттерге кошулуп, өлкөнү оккупациядан бошотуу үчүн адабатка чыкканга чакырды. Шийиттердин улуу лидери аятолла ас-Систани чет элдик аскерлерди Ирактан чыгаруу жөнүндөгү талаптарды адилет деп атады. Бирок аc-Садрдын тарапкерлери бул үчүн куралдуу көтөрүлүшкө өткөнүн колдогон да, айыптаган да жок.

Ирактагы акыркы окуялар Вашингтондо да өгөй-татай кептерди пайда кылды. Президент Буштун партиялашы, сенатор Ричард Лугар ар тараптуу план жетишпей жатканын белгиледи. Ошонун айынан Иракта кандай кадамдарды жасоо зарылдыгын билбей жатабыз, деп моюнга алды сенатор. Демократ-сенатор Жозеф Байден болсо Ирактагы иштердин баары эми ич ара согуш менен бүтүшү мүмкүн экенин эскертти. Анын партиялашы сенатор Эдвард Кеннеди Иракты президент Буштун “Вьетнамына” айланып баратат деп ырастады.

Президент Буш мындай сындарды четке кагып, быйыл жайда бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилээрин кайрадан бышыктады. Бул жагынан администрациянын пландарында эч кандай өзгөрүү жок, 30-июнда бийликти өткөрүү багытында иштер уланып жатат, деп айтты Буш.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели коалицияга каршылык көрсөтүп жаткан күчтөрдү агрессивдүү азчылык деп мүнөздөдү. Алар мыйзамга ыкрар кылбай, саясий плюрализмди кабыл алгысы келбей, зобун-зордук жана тоз-тополоң уюштуруу аркылуу өлкөдөгү байистүү көпчүлүккө өз эркин таңуулаганга умтулууда.

Региондогу бир катар өлкөлөр, анын ичинде Катар Ирактагы кырдаалдан кооптоно баштады. Ал эми Испаниянын жаңы дайындалганы жаткан тышкы иштер министри Мигуэл Ангел Моратинос эгер 30-июнга чейин Ирактагы иштерди жөнгө салуу вазийпасы ООНго берилбесе, Мадрид өз контингентин бул өлкөдөн чыгарып кетээрин дагы бир жолу эскертти. Норвегиянын тышкы иштер министри Ян Петерсендин айтымында, Осло да жакынкы айларда ушундай кадамга барышы мүмкүн. Япон өкмөтү болсо коалициянын составындагы аскерлерине куралдуу операцияларга катышканга тыюу салды.

Жекшемби күнү Багдадга ООНдун баш катчысы Аннандын атайын өкүлү Лахдар Брахими келген эле. Ал Ирактын диний жана уруу башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кырдаалдын кылоосун мокотконго аракет кылууда. Кофи Аннан жаңы түзүлө турган Ирак өкмөтү өлкөдөгү бардык тайпалардын өкүлдөрүнөн куралып, алардын иштери, экономикалык жана саясий тагдыр-таалайы үчүн жооп бере турган бийлик болоруна ООНдун коопсуздук кеңеши кызыкдар экенин ырастап, азырынча болсо ирактыктардын баарын өз ара кызматташып, куралдуу кагылыштардан карманганга чакырды.

XS
SM
MD
LG