Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Бош жерлерди өкмөт көзөмөлгө алат


БИШКЕК. Азыр Кыргызстанда 208 миң гектар жер пайдаланылбай турат. Премьер–министр Николай Танаевдин айтымында, айыл, суу чарба министрлигинде ал жерлерди пайдаланууга көз салчу атайын мекеме түзүү зарыл. Бул тууралуу Николай Танаев бүгүн жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө арналган өкмөт жыйынында билдирди. Өкмөт башчы ал мекеме чарбалык эсепте иш жүргүзүүгө тийиш экендигин белгилеп, ага байланышкан маселени бир жума ичинде чечүүгө Айыл, суу чарба министрлиги менен кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG