Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Өткөн түнү Түндүк Ооганстанда фракциялар аралык салгылашуу кайрадан жанданды


Кабарларга караганда, өзбек генералы Рашид Достум Мазар-и-Шарифтин жанындагы Код-и-Барк шаарчасын басып алуу аракетин жасаган. Достумдун атаандашы тажик кол башчысы Атта Мохаммаддын аскерлери ага жооп кайтарып, кагылыш маалында эки тарап тең жоготууларга учурады деген маалымат түшүүдө. Бирок курман болгондордун саны тактала элек.
Апта башында Достум Фарьяб вилайетинин борборун өзүнө каратып алганда, Кабул өкмөтү ал жакка 500дөй аскерин жиберген эле.

XS
SM
MD
LG