Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 13:22

Гуантанамо туткундарынын жакындары менен адвокаттарынын кайрылуусу


Гуантанамодогу АКШнын деңиз күчтөрүнүн базасында кармалып жаткан туткундардын адвокаттары менен туугандары арестанттар “адам укугун одоно бузуу менен” кармалып жатышканын билдиришти.
Йемендин Сана шаарында аяктаган адам укугуна арналган эки күндүк жыйындын катышуучулары жекшемби күнү Кошмо Штаттардын өкмөтүнө кайрылышып, туткундарды бошотууну же болбосо аларды адилет соттоону талап кылышты.
Санада болгон жыйын Эларалык мунапыс уюмунун демилгеси менен өттү.
Кубадагы АКШлык деңиз күчтөрүнүн базасында Ооганстанда кармалган 600 чамалуу туткун бар.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG