Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Фермердин жактоочулары Ысыккөлдөн Бишкекке жөө жүрүшкө чыгышты


КАРАКОЛ. Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылындагы «Ынтымак» айыл чарба кооперативин жоюу комиссиясынын жетекчиси Досумбай Дүйшалиевдин жактоочулары Бишкекти көздөй нааразылык билдирген жөө жүрүшкө чыгышты. Областтык ички иштер башкармалыгынан 17- апрелде алынган маалымат боюнча, «Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жүргүзгөн реформаны колдойбуз, «Ынтымак» айыл чарба кооперативине таандык үлүштү туура бөлүштүргүлө» деген плакаттарды көтөргөн төрт эркек, алты аял нааразылык акциясын уюштурушту. Областтык ички иштер башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, Досумбай Дүйшалиевдин үстүнөн тергөө иши козголгон. 20- апрелде Ысыккөл райондук соту ал ишти кароону баштайт. Мына ошол себептен Дүйшалиевдин жакын туугандары жөө жүрүшкө чыкты. Ал эми аталган айыл тургундары төрт жылдан бери ыдыраган ынтымактын чуусу басылбайт,элди жикке бөлгөн Дүйшалиевге тартип коргоо органдарынын тиши өтпөйт, себеби, аларды колго алып койгон деген пикирде.

XS
SM
MD
LG