ОШ. Маниса шаарынын жаңы шайланган мэри Гүлиаткар мырзанын чакыруусу боюнча Ош шаар мэри баштаган делегация 16-21-апрель күндөрү Манисада болду. Курамы тогуз кишиден турган делегация Маниса шаарынын структурасы, иш багыттары менен танышууга, шаардын тарыхый, маданий комплекстерин аралап көрүүгө, Маниса шаарынын 464-жылдык салтанатына кадырлуу мейман катары катышууга мүмкүндүк алды. Эң негизгиси эки шаар жетекчилиги 14 пункттан турган жаңы келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык келечекте Маниса менен Ошто соода үйлөрү ачылып, бир катар оштук жаштар Манисанын, манисалык жаштар Оштун жогорку окуу жайларында окушмакчы. Манисалык бизнесмендер тобу 24-25-май күндөрү Ошто болушат.