Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:32

ООГАНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ТАЛИБДЕРДИ ШАЙЛООГО КАТЫШУУГА ЧАКЫРДЫ


Сапар Орозбаков, Прага Ооганстанда шайлоо өтөрүнө саналуу гана айлар калган менен шайлоочулардын бештен бири эле ага катышаарын билдирип жатат. Өлкөнүн президенти Хамид Карзай талибдердин мекен ордосу эсептелген Кандагар шаарына барып, аларды шайлоого жана өлкөнү калыбына келтирүү иштерине катышууга чакырды.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай ишемби күнү талибдер мекен ордо кылып алышкан өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар шаарына барып, талибдерди шайлоого жана өлкөнү калыбына келтирүү иштерине жандуу катышууга чакырды:

- Эгерде калган адамдар – талибдер да, талиб эместер да - кайра кайтып келишип, өлкөдө жашагылары келишсе, эгерде алар жер иштетүүнү каалашса, биз аларды кучак жайып тосуп алабыз. Ооганстан силердин өлкөңөр, силердин үйүңөр. Биз чет өлкөлөрдөн бомба алып келип, Ооганстанга бүлгүн салууну каалагандар менен гана күрөшөбүз, – деди Хамид Карзай.

Анын айтымында, Усама бен Ладендин “ал-Каида” террордук тобу менен байланышы бар жана террордук аракеттерден баш тарткысы келбеген талибдер гана мамлекетти калыбына келтирүү иштерине катыша алышпайт. “Алар Ооганстандын душманы, биз аларга каршыбыз”, – деди Хамид Карзай. Ал эми калган жөнөкөй талибдердин баары менен ал кызматташууга даяр экендигин билдирди.

АКШ бийлиги Карзайдын талибдерге жасаган чакырыгын колдоп чыкты. АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад (Zalmay Khalilzad) камакка алынган мурдагы өкмөттүн айрым ашынган динчил мүчөлөрүнөн башкаларынын баарын түрмөдөн бошотуу тууралуу Карзайдын чечимин жактай тургандыгын айтты.

Карзайдын Кандагар провинциясына барышы коопсуздук чаралардын күчөтүлүшү менен коштолду. Жекшемби күнү президенттин машинесине бомба ыргытууга аракет кылган бир адам камакка алынды.
Ооганстандын түштүгүндө абал акыркы айларда курчуп кеткен.

Кандагар провинциясында бир нече жолу террордук чабуул болгондугуна байланыштуу БУУ ал жердеги өзүнүн шайлоого даярдык көрүү иштерин токтотуп койгон болчу. “Кризистик топ” аттуу эларалык уюмдун Ооганстан боюнча эксперти Викрам Парех (Vikram Parekh) Хамид Карзайдын Кандагарга барышын анын күздө шайлоо өткөрсө боло тургандыгын далилдөөгө кылган аракети деп баалады:

- Менин оюмча, шайлоо жакындаганына, шайлоочуларды эсепке алуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу Карзайдын Кандагарга барышы шайлоо болбой калышы мүмкүн деп коркуткандарды шайлоо өткөрсө боло тургандыгына ишендирүүнүн жолу деп ойлойм. Өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында түндүккө жана борборго караганда шайлоого даярдык начар, - дейт Викрам Парех.

Азырынча Карзайдын чакырыгына макул экендигин эч ким билдире элек. Карзай жекшемби күнү анын өкмөтү талибдердин радикалдуу эмес топтору менен бир нече айдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келе жаткандыгын жарыялады. Бирок Харзай кимдер менен сүйлөшүү болгонун айткан жок. Эксперт Парех саясий жарашууга көптөн бери тоскоолдук кылып келе жатышкан бул талибдердин тобу Карзайдын чакырыгына көнбөйт деген пикирде:

- Мен көтөрүлүштүн башында Молдо Абдулла, Молдо Барадар сыяктуу бир нече талиб турат деп ойлойм. Менин пикиримче, Карзайдын мындай сунушу аларды кызыктырбайт. Алар чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө келишин Бонн келишимине каршы чечим деп, аны жакташпайт. Көтөрүлүш болуп жатканына караганда алар каршылык көрсөтүүнү уланта берүүнү туура көрүшөт. Биз алар жардыруучу заттарды жасап, эларалык жана мамлекеттик эмес уюмдардын имараттарына коюп жүрүшкөнүн көрүп жүрөбүз. Мен андай иштерге барган адамдар саясий жарашууга кызыкпайт деп ойлойм, – дейт Викрам Парех.

Июнь айына белгиленген Ооганстандагы жалпы элдик шайлоо коопсуздук шарттары болбогондугуна байланыштуу сентябрга жылдырылган болчу. Азырынча Ооганстандын 10 млн. шайлоочусунун бештен бири гана шайлоого катышаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG