Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы Беларус бийлигин сынга алды


Ассамблея Беларуста дайынсыз жоголуп жаткан 4 киши табылганга чейин, бул өлкөгө каршы санкция киргизүүнү жактап добуш беришти. Жыйында талкууланган отчеттун автору Кристос Погоридес буларга токтолду:

- Kылмыштарды иликтеген адвокат катары мен, бул кишилердин көзүн тазалоого Беларустун эң жогорку бийлик чөйрөлөрүнөн буйрук болгонунан күмөн санабайм.

Страссбургдагы жыйында Беларуста жоголгондордун биринин жубайы Ирина Красовская да сүйлөдү:

- Бүгүн - баарыбыз, Беларуста демократияны колдогондордун бардыгы үчүн өзгөчө күн. Анткени биз күйөөлөрүбүздүн тагдырын билиш үчүн бийлик менен беш жыл кармаштык.

Беларуста Лукашенконун режимине каяша айткан же сындаган бир катар журналисттер, саясатчылар жана ишкерлер дайынсыз жоголуп, бул иштердин айрымдарынын гана бети ачылган.

XS
SM
MD
LG