Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Нарында пенсионерлерди гезитке зордоп жаздыруу токтотулат


НАРЫН. Бул жөнүндө "Кыргызпочта" ишканасынын Нарын райондук жана Нарын шаардык почта бөлүмүнүн начальниги Турар Султангазиев билдирди. Анын айтымында айрым ардагерлер пенсияларынан өкмөттүк гезитке жаздыруу үчүн кармап калууга нааразылык билдирип, даттанышкан. "Бул - мыйзамсыз көрүнүш, эми мындан ары почта бөлүмдөрүндө атайын дептер ачылып, ага гезит алгысы келген ардагерлер өздөрүнүн каалоосу менен колдорун коюп турушат. Эгер почта кызматкерлери пенсионерлерге күчтөп гезит таратса, аларды эл алдында уят кылып, ал гана эмес, жумуштан бошотконго чейин барабыз" дейт Нарын райондук жана Нарын шаардык почта бөлүмүнүн начальниги Турар Султангазиев.

XS
SM
MD
LG