Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Жеңиш күнүнө арналган салтанат Таласта да өттү


ТАЛАС. Экинчи дүйнөлүк согуштун 59-жылдыгына арналып уюштурулган эскерүү расмиси облустун аскер комиссариятынан башталды. Чакан митинг согуш жана эмгектин ардагерлери, оруктун каармандары катарларын бузбай Улуу ата мекендик согушта курман болгондорго тургузулган эстеликке келишти. Аларды мектеп окуучулары, студенттер жаштар, бийлик жана коомчулуктун өкүлдөрү урмат-сый менен тосуп алышты. Митингде сүйлөгөндөр согуш деги эле эч жерде болбосун деген тилектерин билдиришти. Эскерүү митингисинен кийин маданий программа сунуш кылынып, карыя жоокерлерге согуш ашканасынан даярдалган таруу ботко тартууланды. Талас облусунда ушул учурда Улуу ата мекендик согуштун 456 катышуучусу, анын ичинде 300дөй майыптар, 400дөй жесирлер бар.

XS
SM
MD
LG