Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Ливиядагы демонстранттар АКШга нааразылык билдиришти


Бенгхази шаарындагы бүгүнкү демонстрациянын катышуучулары АКШнын желегин өрттөшүп, Вашинтгон Ливиянын соту жакында чет элдик алты дарыгерге чыгарган өкүмдү сынга алышына нааразы болушту.
Ливиянын соту жакында болгариялык беш, палестиналык бир дарыгерди жергиликтүү 400дөн ашуун балага СПИД дартын алып келүүчү инфекцияны жуктурган деген айып менен өлүм жазасына кескен эле. АКШ менен Европа Биримдиги мындай өкүмдү сынга алган болчу. Чет элдик дарыгерлер өкүмдү апелляцияга бергени жатышат. Дарыгерлердин айтымында, алар жөн гана садага чабылууда, вирус оорукандагы жагдай гигиеналык талапка жооп бербегенден улам жуккан.

XS
SM
MD
LG