Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин 11-майга карата берген маалыматы боюнча бүгүн Кыргызстандын кээ бир жерлеринде түнкүсүн жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ, ТАЛАС облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +17...+22 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27 градус
ЫСЫККӨЛ дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18 градустун айланасында
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20 градус
Борборубуз БИШКЕКТЕ күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +17…+19 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат Алина Кангелдиева тааныштырды

 

XS
SM
MD
LG