Буга байланыштуу бүгүн нидерланд өкмөтүнүн премьер-министри Жан-Питер Балкененде элге кайрылуу жасаганы жатат. Өлкөнүн вице-премьери Том де Граффтын айтымында, ирак полициясы бу ишке катышы бар деген шек-шабаа менен мандемдүү эки кишини камакка алды, азыр алар сурак берип жатышат. Ал эми Гондурас өкмөтү бүгүн Ирактан аскерлерин чыгара баштады. Доминиканын бийликтери да Ирактан аскер бөлүктөрүн чыгарганы жатышат.