ЖАЛАЛАБАД. Кеңешме 4 ай ичинде салык жыйноо боюнча пландын аткарылышын жана токойду, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды сактоо маселесин териштирди. Кеңешмеде айтылгандай, токой жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргоо иши алымсындыраарлык эмес. Кайдыгер мамиледен улам дарылык касиети бар өсүмдүктөр менен сойлоочу жаныбарлар, айрым айбанаттар азайды.
Салык жыйноодо да маселелер бар. Төрт айлык салык аткарылбай, ага салым кошпогон мунай иштетүүчү кыргыз-канадалык ишкана жана пахта тазалоочу заводдун ишин текшерүү максатында комиссия түзүлмөй болду. Экология менен өсүмдүк дүйнөсүн коргоо токойчулардын эле иши эмес экендиги белгиленди.