Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

МИНИСТР А.АЙТМАТОВ МЕНЕН «КОМСОМОЛКАНЫН» МАМИЛЕСИ ТАТААЛДАШЫП КЕТТИ


18-майда Тышкы иштер министрлиги маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Анда «Комсомольская правда-Кыргызстан» гезити министр Аскар Айтматовдун жана министрликтин ишмердүүлүгүн негизсиз сынга алып, бир беткей макалаларды жарыялап келатат деп айтылат. Журналист болсо фактыларга таянып жазганын "Азаттыкка" билдирди.

«Комсомольская правда - Кыргызстан» басылмасынын 14-майындагы санына «Таңгалдыруу иштер министрлиги» («Министерство удивительных дел») деген көлөмдүү макала жарыяланган. Анда Аскар Айтматовдун жана ал жетектеген министрликтин дарегине бир катар олуттуу сындар айтылган.

Макаланын автору Фарид Ниязовдун айтымында, ал иштеген басылма аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн талдоого алууну максат кылган:

- Биз эки ай мурда баардык министрликтердин иштерин талдоого алабыз деп эскерткенбиз. Мындай макалалар президент Акаевдин бул жылды акыйкат башкаруу жылы деп жарыялаганынан улам жазылып жатат. Президенттин демилгесине министрликтер кандай мамиле жасап жатканын көрөлү дедик. Качан материалдарды чогултуп, текшерүүлөрдүн жыйынтыгына карай келгенде эң кызыктуу фактылар тышкы иштер министрлигине байланыштуу болуп чыкты.

Гезитте Пакистандан Кыргызстанга келип билим алууну каалаган студенттерге виза ачуу укугун Аскар Айтматов «Траст-Азия» аттуу компанияга берип, мыйзамсыз жол менен акча чогултулуп жатат деп айтылат. Башкача айтканда, министр коррупциялык иштерге байланышкан деген маани бар. Мындан тышкары, өткөн жылдын тогуз айында министрлик 40 адамга дипломатиялык паспорту негизсиз берген деген да кине коюлат. Аскар Айтматовдун өзү болсо өткөн жылы чөнтөк телефону менен 150 миң сомдон ашык акчага сүйлөшкөнү да сынга алынат. Жарым миллионго жакын сом министрдин кабинетин, жыйын өткөрүүчү залды жасалгалоого жумшалган делет макалада.

Тышкы иштер министрлиги 17-майда билдирүү жасап, аны 18-майда массалык маалымат каражаттарына таратты. «Негизинен, макаладагы кинелер инсандын абийирин жана арнамысын кетирип, жалаа жабууну көздөп турат. «Комсомольская правдадагы» материалда тышкы иштер министрлигинин дарегине багытталган мурдагы макалалар сыяктуу эле фактылар бурмаланып, министр Аскар Айтматовдун жана жалпы министрликтин кадырын атайылап кетирүүнү көздөйт», деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык паспортторду мыйзамсыз берүү фактыларын чындыкка коошпойт деп эсептейт. Ал эми министрдин кабинетин жана жыйындар залын жасалгалоого жумшалган акчалар бюджеттин негизинде мыйзамдуу жүргүзүлгөнү айтылат.

Министрдин чөнтөк телефону да мамлекеттик маанилүү иштерди камсыздоо максатында дайыма иштеп турганы белгиленет. Билдирүүдө Аскар Айтматов сотко кайрылууга ниеттенип жатканы да жазылат.

Макаланын автору Фарид Ниязов сотто көрсөтө турган далилдерибиз бар дейт:

- Бизде таянган документтерибиз бар. Биз келтирген фактылар документтерге негизделген. Министрлик өз билдирүүсүндө макаланы чындыкка жакындабайт, жалаа жабуу дептир. Бизде ири чиновниктин ишмердүүлүгүн чагылдырган макала жазсаң эле – аны дароо жалаа жабуу деп кабыл алышат.

Фарид Ниязов министрликтин автор бирөөлөрдүн тар кызыкчылыгы үчүн макалаларды жазып жатат дегенине да макул эмес.

Тышкы иштер министрлиги буга чейин «Общественный рейтинг» гезитин да сотко берип, аны утуп алган. Басылма министрликтин ишин сынга алган макалаларды баскан болчу.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын эларалык байланыш комитетинин төрагасы Алишер Абдимомунов өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүгө мамилесин минтип билдирди:

- Азыр министрлик деле, мамлекет деле эмне кылышын билбейт. Маселен, кошуналар менен кантип жашаш керек, жер, суу, улут деген олуттуу маселелерде эмне кылышты өкмөт деле билбейт. Стратегия жок! Кеп ушунда болуп жатпайбы!

Мыйзам чыгаруу жыйынынын эларалык мамиле, парламенттер аралык байланыш жана мамлекеттик протокол бөлүмүнүн башчысы Бакыт Бакетаев болсо министрлик жакшы эле иштеп жатат деген пикирде:

- Негизи, «тышкы иштер министрлиги жакшы эле иштеп жатат» деген пикир бар. Айрыкча, Өзбекстанга министрдин катуу кат жазганына ыраазы болуп жатышат бир катар депутаттар. Анткени, өзбек чегарачылары биздин атуулубузду атып салышкан. Өзбек бийлиги кылмыш ишин козгоп, бирок аны жаап коюшкан. Биздин өлкөнүн министринин жанагындай катуу мазмундагы катынан кийин кылмыш ишин кайра козгошту. Азыр күнөөлүүлөрдү жоопко тартып жатышат.

XS
SM
MD
LG