Назарбаев өткөн аптанын жума күнү өлкөнүн телекөрсөтүүсү аркылуу түз эфирге чыгып, 2006-жылы да шайлоого катыша тургандыгын билдирди:
- Конституция жана мыйзамдар мага кийинки шайлоого барууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан баардыгы жайында болуп, кудайдын буйругу болсо, мен сөзсүз өз кандидатурамды коём. Бул көп нерсеге байланыштуу. Ал маселени, албетте, эл чечет.
Казакстандын Конституциясы бир адамдын экиден ашык жолу президент болушуна тыюу салат. Бирок Назарбаев өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки Конституцияны жаңы Конституция деп, өзүнүн азыркы мөөнөтүн биринчи мөөнөт деп эсептейт.
Ал 1990-жылы Казакстандын Жогорку кеңеши тарабынан президент болуп шайлаган болчу. Кийинки жылы кайра бүткүл элдик шайлоодон өткөн. Анын мөөнөтү 1996-жылы бүтмөк. Бирок Назарбаев 1995-жылы референдум өткөрүп, өзүнүн бийлигин 2000-жылга чейин узартып алган. Бирок президенттик мөөнөтүнүн бүтөөрүнө бир жыл калганда өлкөнүн Конституциясына түзөтүү киргизип, дагы 7 жылга шайланган. Анын мөөнөтү 2006-жылы бүтмөк.
- Ал Казакстандын президенти болуп 1990-жылы шайланды. 1991-жылы да шайланды. 1995-жылы дагы шайланды. 1999-жылы төртүнчү жолу шайланды. 2006-жылы шайланса, бешинчи болот. Казакстандын Конституциясында бир гана Назарбаев президент болсун деп жазылбаган чыгар,- дейт аналитик Бөрүхан Нурмухамедов.
Казакстандагы саясий билим берүү фондусунун жетекчиси Эрик Абдиганиев да Назарбаевдин дагы бир мөөнөт президент болушуна каршы:
- Бизде мөөнөт бүткөндөн кийин бийликти башкага тапшыруу деген жок. Мисалы, Америкада президент мөөнөт бүтөөр менен эле кетет. Америка президентинин кетпей, өз бийлигин 4-5 жолу узартуусун элестетиш кыйын, – дейт Эрик Абдиганиев.
Бирок өлкөдө Нурсултан Назарбаевдин дагы бир жолу президент болушун жактагандар да бар. Казакстандык саясий аналитик Сабит Жусипов ал президенттиктен кетсе, өлкөдө стабилдүүлүк бузулушу мүмкүн экендигин белгилейт:
- Мен Назарбаев 2006-жылдагы шайлоого катышса жакшы болор эле деп ойлойм. Бизде финансылык жана өнөр жайлык олигархтардын топтору бар. Президент кетсе, алардын ортосунда биринчи орун үчүн күрөш башталат.
Венадагы адам укуктары боюнча Хелсинки федерациясынын жетекчиси Эрон Рходс(Aaron Rhodes) Казакстанда эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн баардыгында мөөнөт узартып, бийликте кала бермей салт экендигин белгилейт:
- Назарбаевдин билдирүүсү Борбор Азиянын өздөрүн бийликти энчилеп алгандай сезген президенттеринин салтына туура келет. Алар бийликти улам жаңы мыйзамдарды кабыл алып жана демократиялык жоболорду каалгандай өзгөртүп, көп жылдар бою укумдан тукумга берчү нерсе катары сезишет. Мыйзамдар жетекчилердин бийлигин жана бийлик мөөнөтүн чектеш үчүн кабыл алынат. Алар болсо мыйзамдары өздөрү каалгандай өзгөртө беришет.
Сапармурад Ниязов Түркмөнстандын президенти болуп 1992-жылы шайланган. 1994-жылы ал өз бийлигин 5 жылга узартып, 1999-жылы болсо биротоло түбөлүк президент болуп шайланып алган.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов биринчи жолу 1994-жылы шайланып, 1999-экинчи мөөнөткө барган. Өткөн жылы ал референдум өткөрүп, өз бийлигин 2020-жылга чейин узартып алды.
Ислам Каримов Өзбекстан көз карандысыздык алган 1991-жылы президент болгон. Ал 1995-жылы референдум менен өз бийлигин 5 жылга узарткан. 2000-жылы дагы 5 жылга президент болуп шайланган. Каримов 2002-жылы кайра рефердум өткөрүп, 2007-жылга чейин президенттик мөөнөтүн узартып алган.
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев да 1991-жылдан бери бийликтен кетпей келет. Ал мындан 3 жыл мурда үчүнчү жолу президент болуп шайлаган. Анын мөөнөтү 2005-жылы аягына чыгат. Аскар Акаев бир нече жолу эми президенттик шайлоого катышпай тургандыгын айткан. Эгер ал шайлоого катышпаса, Борбор Азиягы салтты бузуп, бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берген биринчи жана жалгыз президент болуп калат.