Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Ооганстандын түрмөлөрү текшериле баштады


КАБУЛ. АКШнын Ооганстандагы аскерий күчтөрүнүн командачысы Дэвид Барно түрмөдө запкы көрсөтүү боюнча маалыматтарды чогултууну генерал чениндеги аскер кызматчысына тапшырды. Ал Ооганстандагы америкалык 20 чамалаш түрмөнүн бардыгын текшерип, жыйынтыгын командачыга июндун ортосуна чейин маалымдайт. Ооганстан түрмөлөрүндөгү запкы көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтар Ирак түрмөсүндөгү жаңжалдан кийин пайда болгон. АКШ аскер күчтөрү өткөн аптада буга байланыштуу эки ишти иликтөөгө алды. Мындан тышкары былтыркы жана мурдагы жылкы үч адамдын өлүмүн изилдегени жатат.

XS
SM
MD
LG