Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

ПАРЛАМЕНТ ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАР ЧАТАГЫН ТАЛКУУЛАДЫ


Бүгүн - 21-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында үстүбүздөгү жылдын январь айында палатанын бир катар депутаттарынын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттарга байланыштуу маселе каралды. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын сунуш кылды. Ага ылайык Улуттук коопсуздук кызматы оппозициянын өкүлдөрүн дайыма аңдып келгени билинди.

Жыйынга президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков, Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Токон Мамытов катышты.

Москвага иш сапары менен кеткендигине байланыштуу парламенттик талкууга Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов, анын биринчи орун басары Борис Полуэктов катышышкан жок.

Айрым депутаттар бул маселеге байланыштуу талкууга президентти, премьер-министрди чакырууну сунуш кылышты.

Бирок талкуу аларсыз улантылды. Депутаттык комиссиянын чечими менен Алишер Абдимомунов тааныштырды:

- Эки күч структурасынын кызматы, милдети, аткарган иштерин иликтеп чыккандан кийин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппараттарды Коопсуздук кызматы жашыруун орнотконун комиссия тастыктады. Коопсуздук кызматы сунуштаган документтерди биз абдан карап, текшерип чыктык. Айрым кызматкерлер менен сүйлөшүп, коопсуздук кызматынын иштери менен жакындан тааныштык.

А.Абдимомуновдун айтымында, Улуттук коопсуздук кызматы 6 бөлүмдөн турат. Биринчиси, курамы 6 кызматкерден турган саясий экстремизмге каршы күрөшүүчү бөлүм, экинчиси - диний экстремизм менен күрөшүүчү курамы 6 кызматкерден турган бөлүм. Үчүнчүсү, курамы 6 кызматкерден турган маалымат каражаттары боюнча, төртүнчүсү, жогорку жана жалпы эле окуу жайларын көзөмөлдөгөн курамы алты кишиден турган бөлүм. Ал эми бешинчиси массалык баш аламандыктарга каршы күрөшүүчү жана алдын алуучу курамы он адамдан турган бөлүм. Терроризмге каршы күрөшүүчү алтынчы бөлүмдө 54 кызматкер иштейт. Калык Иманкуловдун жетекчи болуп келиши менен Коопсуздук кызматынын кызматкерлери эки эсеге көбөйтүлгөн.

Алишер Абдимомуновдун маалыматы боюнча, саясий экстремизмге каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлеринин саны да арбыган. Аталган комитеттин алдындагы милдет - “Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн, улуттун коопсуздугун, атуулдардын укугун коргоо, Конституцияны, мыйзамдарды сактоо, тышкы чалгындоо, терроризмге, коррупция, баңгичиликке каршы күрөш жүргүзүү болуп эсептелет”.

Алишер Абдимомунов текшерүүнүн жыйынтыгында Улуттук коопсуздук кызматы саясий, диний экстремизди иликтөө, айрым адамдардын артынан аңдуу, кандайдыр бир саясий провокация уюштуруу максатын көздөп калган фактылар кездешкенин билдирди.

- Жогоруда аталган башкармалык Конституцияны жана мыйзамды одоно бузуп, айрым депутаттардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, опозициялык партиялардын жетекчилерин аңдуу, алардын артынан кандайдыр бир «кыйкым» табуу иштери менен активдүү иш жүргүзүп калышкан. Депутаттык комиссия иликтеп-текшерүү мезгилинде колго тийген документтерге таянып маалымат берип коёюн. Биринчи, 2002-жылы 26-мартта ачылган «Тарыхчы» аттуу көзөмөлдөп байкоо жүргүзүүчү №10 иш.
«Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн жыйынтыгын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисине билдирүү» 22-18ГУВД 5-июнь 2002-жыл жана 17- июндагы отчету.


Алишер Абдимомуновдун маалыматында, Коопсуздук кызматы тарабынан бир нече депутаттарга «Марко поло», «Юрист», «Артист» жана башка жашыруун аттар коюлуп, алардын ишмердүүлүгү дайыма көзөмөлгө алынып, байкоо жүргүзүлүп турган.

Ошондой эле «оппозициялык маанайдагы партиялардын жетекчилерин, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн артынан аңдуу жүргүзгөнү, аларга карата саясий провокация уюштурушу, Улуттук коопсуздук кызматынын Жогорку Кеңештин бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппараттарды койгонун айгинелеп турат», – деди Алишер Абдимомунов.

Депутаттык комиссиянын бул маселеге байланыштуу чечимине Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Токон Мамытов депутаттардын артынан эч кандай көзөмөлдөө жана байкоо иштери жүргүзүлбөгөнүн билдирди:

- Депутаттарга багытталган эч кандай иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес. Жүргүзүлбөйт. Ооба, азыркы айтылган маалыматта биздин стил сакталган. Жашыруун аттарды коюп, документтерди чогултууда мындай ыкма башка мамлекеттердин баардыгында эле колдонулат.

Депутат Алымбай Султанов Коопсуздук кызматы таза эместигин билдирди:

-Токон Болотбекович, Москвадагы Коопсуздук кызматынын атайын окуусуна кетип бараткан балдар, алардын ата-энелери айтып атышат "биз 5000 доллардан берип окууга өткөздүк" деп. «Энергохолдингдин» мурдагы төрагасы, экс-депутат Түлөбердиев менен 32 млн. сомдук иш жасаган адамдардын балдары окуйт экен. Ошолор айтып атышат "акча бердик" дешип. Анан "тазабыз" дегениңерге таң калам. Урматтуу Болот Чыныбаевич, күч органдарын кандай текшересиңер билбейм. Эки-үч киши үчүн иштеп бергени үчүн эле унчукпай койуу керекпи? Мамлекетти ким ойлойт? Урматтуу депутаттар, бул маселеге байланыштуу бир дагы киши жооп бербейт. Бул кылмыштын бети эч убакта ачылбайт. Бийлик алмашып, анан кайрадан тергөө жүрүп, ошондо ачылбаса, эч качан ачылбайт.

Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, учурда буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүп жатканын, ал 20-июнда аяктап калаарын маалымдап, кылмышка тиешеси бар адамдар мыйзам чегинде жооп берет деген пикирин билдирди.

Бул маселеге байланыштуу талкуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында дүйшөмбү күнү улантылат.

XS
SM
MD
LG