Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Кыргыз жана түрк ишкерлеринин алакасы артууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк ишкерлеринин атайын пикир алышуусу болду. Ал «Биргелешип көтөргөн жүк жеңил болот» деген ураан алдында болуп, ага Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев, туризм жана спорт боюнча мамлекеттин комитеттин башчысы Өкмөтбек Алмакүчүков жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музаффар Эроктем баштаган түрк ишкер чөйрө өкүлдөрү катышты. Анда Кыргызстан менен Туркиянын мындан 12 жыл мурда башталган соода-экономикалык байланышын азыркы кырдаалга жараша өнүктүрүү жана ага кедерги болгон жагдайларды аныктоого башкы көңүл бурулду. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевдин айтымында, туркиялык ишкерлер Кыргызстан менен алака башталгандан бери экономикага 350 миллион долларлык тикелей инвестиция салышкан. Бирок, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү жылына 37 миллион гана долларды түзүүдө. Ушундан улам Николай Танаев Туркия менен соода жүгүртүүнүн жылдык көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү зарылдыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG