Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Быйылкы "Акыркы коңгуроо" кагылды


БИШКЕК. Бүгүн өлкөнүн аймагындагы 2 миң 59 мектепте бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” аземи өткөрүлдү. Быйыл 85 миң 448 бүтүрүүчү орто мектепти аяктоодо. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 4 миңге көп. Эң мыкты окуган окуучуларды бүтүрүү аземинде алтын жана күмүш медалы менен сыйлоо эки жыл мурда токтотулган. Азыркы учурда окуунун алдыңкылары артыкчылык аттестатын алышат. Бүгүн Билим берүү министрлигинен алынган маалыматка караганда, республикалык олимпиадада алдыңкы орунду алышкан 24 окуучу өзү каалаган жогорку окуу жайына мамлекеттин эсебинен окууга кабыл алынат. Ошондой эле жетимдерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө кирүүгө жеңилдиктер берилет.

XS
SM
MD
LG