Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

АКШга КАРШЫ ЖАҢЫ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ ДАЯРДАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 26-май күнү АКШнын укук министри Жон Эшкрофт атайын жыйын өткөрүп, "ал-Каида" уюму жакын арада өлкө аймагында жаңы террордук аракетти ишке ашырууга даяр экени тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Анткен менен АКШдагы коопсуздук абалы жогорку даярдыкка келтирилген жок.

Америка Кошмо Штаттарында коопсуздук абалы беш башка деңгээл менен мүнөздөлөт, алардын ар бирине өзүнчө түс берилген. Жашыл түс коопсуз абалды түшүндүрөт, андан өйдөкү абал көк, үчүнчү деңгээлде кандайдыр бир террордук аракеттин ашке ашырылышы мүмкүн, абал кооптуу деп мүнөздөлөт жана ага сары түс берилген. Андан жогорку абал өтө кооптуу жана анын түсү кызгыл сары, ал эми акыркы жана эң коркунучтуу деңгээлге кызыл түс берилген жана мындай абалда террордук аракет качан болбосун ишке ашырылып кетиши мүмкүн. АКШдагы азыркы абал үчүнчү, сары деңгээл менен мүнөздөлөт жана акыркы күндөрдө ал өзгөртүлгөн эмес.

Анткен менен өлкөнүн укук министри Жон Эшкрофт жана Федералдык тергөө бюросунун башчысы Роберт Мюллер 26-май күнү Вашингтондо атайын маалымат жыйынын өткөрүп, келерки жай же күз айларында АКШнын аймагында ири террордук аракеттер ишке ашырылышы мүмкүн деп билдирди. Ал тууралуу чалгындоо кызматтары бир топ маалымат чогулткан, бирок террор кай жерде, качан жана кандай түрдө болушу, албетте, белгисиз.

Эшкрофтун айтымында, жаңы террор тууралуу "ал-Каида" уюмунун өкүлдөрү өздөрү да айткан:

- Жаңы жылдан кийин "ал-Каида" жарыя жасап, АКШга каршы жаңы чабуул 70 пайызга даяр болуп калды деп билдирген. 11-марттагы Мадриддеги чабуулдан кийин алар АКШнын аймагында террор аракетин ишке ашырууга даярдыктар 90 пайызга бүтүрүлгөнүн билдирген.

Министрдин пикиринде, террор аракеттери Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун урматына Вашингтондо курулган мемориалда, июнда Жоржия штатында өтө турган дүйнөнүн эң өнүккөн жети мамлекетинин бийик жолугушуусу учурунда же болбосо жай айларына белгиленген Демократиялык жана Республикалык партиялардын курултайларында ишке ашырылышы мүмкүн.

Мюллер болсо андай террор аракеттерин жүргүзүүгө даярдалган жаш адамдар азыр АКШга келиши да мүмкүн деп, жети кишинин сүрөтүн көрсөттү, алардын алтоо эркек, бирөө аял. Аднан эл-Шукрижуман Сауд Арабияда туулган, бир кезде АКШнын Түштүк Флорида штатында турган, азыр Тринидад же Канаданын паспортун алып жүрүшү мүмкүн. Отуз эки жаштагы Аафия Сиддикуй деген аял Пакистанда туулган, 1995-жылы биология адистиги боюнча институт бүтүргөн жана 2001-жылы Америкада диссертация жактаган. АКШны жакшы билгендиктен, террорчуларга жардам көрсөтүшү ыктымал.

Фазул Абдулла Мохамед Комор республикасында туулган, 1998-жылы Кения менен Танзаниядагы америкалык элчиликтерде ишке ашырылган террор аракеттерин даярдоого катышкан. Азыр Кения же Сомалиде болушу мүмкүн. Ахмед Халфан Гайлани Танзанияда туулган жана ал дагы 1998-жылдагы окуяларга катышкан. Амер эл-Маати Кувейтте туулган, көптөн бери изделип жүрөт. Абдеррауф Ждей Тунисте туулган бирок 1995-жылы Канаданын жарандыгын алган. Адам Яхье Гадан болсо АКШнын өзүнүн жараны, бирок террорчуларга кошулуп, алардын котормочусу болуп жүргөн.

Бул адамдар качан болбосун өз жандарын кыйып, АКШга каршы террордук аракет жүргүзүүгө даяр жанкечтилер жана бийлик алар жөнүндө кандай болбосун маалымат табууга өтө кызыкдар.

Анткен менен жыйынга катышкан кээ бир журналисттер жакын арада АКШда террор болуп кетээринен күмөн санап, Ирактагы былык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу максатында бийлик мындай жарыяларды атайлап жасап жатат деген пикир билдирди.

АКШнын ички коопсуздук министри Том Ридж болсо, коопсуздук абалын жогорулатууга негиз жок деген пикирде:

- Күн өткөн сайын Америкадагы коопсуздук чыңалып жатат, өзүңөр көрүп турасыңар, улам жаңы чаралар көрүлүүдө. Бүткүл өлкөнү жогорку даярдыкка коюуга азыр негиз жок.

XS
SM
MD
LG