Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:53

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАЖИКТЕРДИН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Бул ирет Кыргызстандагы улуттук азчылыктар тууралуу берүүнүн алкагында тажик элинин абалы жөнүндө сөз кылабыз. Башка майда улуттар сыяктуу эле кыргызстандык тажиктердин да чечилбей келаткан көйгөйлөрү аз эмес. Маселен, алар өз тилинде билим алуудан кыйналып жатышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан аймагында ырасмий түрдө 42 миңден ашуун, ал эми ырасмий эмес маалыматтар боюнча сексен миңге жакын тажиктер жашайт. Негизинен алар Ошто, Кадамжай, Карасуу райондорунда отурукташкан.

Кыргызстандык тажиктердин Рудаки атындагы коомунун президенти Абдухалим Раимжановдун айтымында, тажик эли менен кыргыздардын мамилеси жакшы. Анын айтымында, тажиктердин билим алууда, окуучуларды китеп менен камсыз кылууда кээ бир кыйынчылыктар бар, бирок акыркы убакта эл аралык уюмдардын жардамы менен бул маселе да чечилип жатат:

- Тажик элибизге кыргыз эли , тарыхтан болсо керек, Манас менен Каныкейден болсо керек, бизге жакшы мамиле кылат. Китеп маселеси тууралуу айтсам, кыйынчылык бар. Бул маселеде мен ПРООНго, ОБСЕге да кайрылдым. Проект да жазып бердим.

Абдухалим Раимжановдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда тажиктердин 10 мектеби бар. Алардын ичинен төртөө толугу менен тажик тилинде окутушат, калган 6 мектеп тажик-кыргыз, тажик-өзбек тилдеринде билим беришет.

Окуучуларга китептердин жетишпей жаткандыгы жөнүндө акыйкатчы аппаратынын жетекчесинин орун басары Замир Андашбаев мындай деп билдирди:

- Тажиктер негизинен түштүк облустарда жашашат. Эми ал жерлерде мектептер деле барю Бирок анча-мынча окуу куралдары жетишпей жатат. Бирок бул маселе кыргыздардын , орустардын, еврейлердин деле мектептеринде бар да. Мунун баары экономикалык маселеге байланыштуу. Акчанын жетишпегенинен болуп жатат да.

Ар бир эле улуттук азчылыктын өкүлдөрү сыяктуу, тажиктердин дагы өзүнүн тилин сактап калуу маселеси бар.

Жалалабад облусунун Алабука районунун Баястан айылындагы орто мектептин директору Өктөмхан Хайдарованын айтымында, Баястан айылынын 80 пайызы - этникалык тажиктер. Эң орчундуу проблемалардын бири - бул тажик балдарды өз эне тилинде - тажик тилинде окута албай жаткандагы. Буга - Хайдарованын маалыматына караганда, тажик тилинде китептердин жетишпегендиги себеп болуп жатат. Ал эми айыл өкмөтүнүн бул маселени чечүүгө каражаты жетишпейт дейт Өктөмхан Хайдарова.

Тажик коомунун президенти Абдухалим Раимжановдун айтымында, тажик тилин үйрөтүү маселеси тарыхый объективдүү себептерге байланыштуу:

- 10 жыл мурун баардык эле элди - кыргыздарды да, өзбектерди да, тажиктерди да орусташтыруу саясаты болгон. Биз ушул үчүн өзүбүздүн коомубузду түзгөнбүз. Биздин биринчи максатыбыз - өз эне тилибизди сактап калуу болгон эле. Тажик тили 3 миң жыл мурда пайда болгон. Бул Омар Хайямдын тили, эң бир мен деген дүйнөгө белгилүү окумуштуулар тажик тилинде сүйлөгөн. Тажик тилин сактап калуунун аракетин жасап жатабыз. Мектептерде тажик класстарын көбөйтүп жатабыз. Биздин максатыбыз - тажик тилин кайрадан үйрөтүү.

XS
SM
MD
LG