Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

«Адилет шайлоо үчүн» биримдигинин мүчөлөрү көбөйүүдө


БИШКЕК. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдиги «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова, «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким жана «Лица» гезитинин башкы редактору Бермет Букашева, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Дүйшөн Чотонов, Акылбек Жапаров мүчө болуп киришти. Бул тууралуу бүгүн аталган биримдиктин уюштуруучуларынын бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдиги 19-майда түзүлгөн. Анын төрагасы болуп Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов, ал эми орун басарлыгына Адахан Мадумаров, Марат Султанов шайланышкан.

XS
SM
MD
LG