Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Ысыккөл облустук мамадминистрациянын жыйыны болду


КАРАКОЛ. Коллегияда январь-апрель айларында облустун бюджетин аткаруу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн абалы жана жазгы талаачылык жумуштарынын жыйынтыктары чыгарылды. Ошондой эле, жайыттарды ижарага берүүдөн түшкөн төлөмдөр боюнча сөз болду. Айыл-шартына зарыл кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү маселеси да каралды.

Жыйында ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, облус боюнча салык төлөмдөрүнүн карызы 27 млн. сомго чыкты. Ал эми жайыттарды пайдалануу боюнча ижара төлөмдөрүнүн карызы 12 млн. сомго чейин өскөн. Коллегияны облус губернатору Токон Шайлиева жыйынтыктап, салык, ижара төлөмдөрүнүн карыздарын өндүрүү мөөнөтүн дагы бир айга узартып, карыздарды кайтарууну кечеңдеткен жетекчилерге мындан ары аёо болбостугун эскертти.

XS
SM
MD
LG