ТАЛАС. «Тегерек үстөлдөгү» талкууда Талас өрөөнүнүн экологиялык абалы талкууланып, ага Казакстандан келген экологдор катышты. Анда узундугу 661 чакырымга созулуп, эки элге кызмат кылып жаткан Талас дарыясынын суусунун тазалыгы азырынча талапка жооп бере тургандыгы кабарланды. Талкуу учурунда "Жер үй" алтын кенин иштетүүнүн экологиялык коопсуздугу боюнча тынчсыздануу айтылды. Алтынды казып алуунун жаратылышка зыянсыз биотехнологиялык ыкмасын кен жайгашкан айылдын өкүлдөрү сунуш кылышты. Бирок бул ыкма өнөр жайлык негизде сыноодон өткөрүлбөгөндүктөн аны пайдаланууга болбой тургандыгы түшүндүрүлдү. Талкуунун экинчи этабы эми Казакстанда өтөт.