Америкалыктар Ирактын «Абу-Грэйб» түрмөсүндө кармалып жаткан дагы бир нече жүз адамды эркиндикке чыгарды. Багдаддын батышындагы бу түрмө үстүбүздөгү айдын аягында Ирактын убактылуу өкмөтүнүн карамагына өтөт.
Күртистан патриоттук союзунун жетекчилеринин бири Абдел Мурад Кошмо Штаттарды «Абу-Грэйбде» күнөөсүз адамдарды кармоодо, ошол эле учурда жалган документтерди жасап алышкан жүздөгөн террорчулар эркиндикте жүрөт деп күнөөлөгөн.