Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Жергиликтүү бийлик укук коргоочулардын митинг өткөрүү өтүнүчүнө уруксат берген жок


БИШКЕК. Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын 14-июнда Бишкектеги Алатоо аянтында тынч митинг өткөрүү тууралуу өтүнүчүнө уруксат берген жок. Райондук администрация минтинг өткөрүүгө уруксат бербөө себебин митинг уюштуруучулардын арызы «Атуулдардын тынч, куралсыз, эркин чогулушу, демонстрация өткөрүү тууралуу» мыйзамынын 5, 6 беренелериндеги талаптарга жооп бербегендиги менен түшүндүргөн. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын башчысы Турсунбек Акун ушул эле күнү алардын арызы мыйзам талабына толук жооп бергендигин айтып, өлкөнүн баш мыйзамын бузгандыгы үчүн акимди сотко бере тургандыгын маалымдады.

Кыргызстан укук коргоо кыймылы үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда Биринчи май райондук администарциясына кайрылып, 14-июнда борбордук Алатоо аянтында тынч митинг өткөрүүнү өтүнүп, арыз жолдогон.

XS
SM
MD
LG