Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Кытайдын иликтөөчүлөр тобу Ооганстанга жөнөп кетти


БЭЭЖИН. Кытайдын темир жол куруу
корпорациясынын өкүлдөрү Ооганстанда курман болгон кытайлык жумушчулардын өлүмүн иликтөөгө жөнөп кетти. Кытайдын Сиң Хуа кабар агенттигинин маалыматына караганда, 14 кишиден турган топ ошондой эле, маркумдардын сөөктөрүн мекенине кайтаруу жана жаракат алган беш жумушчуну дарылоонун камын көрөт. Жумушчулар Кундуз провинциясындагы лагерде түн ичинде уктап жаткан маалда автомат менен атып, өлтүрүлгөн. Бул ишке байланыштуу Ооган бийликтери шектелген эки кишинин камакка алып, үчөөнү издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG