Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Алматыда Борбор Азиянын коопсуздук маселеси талкууланат


БИШКЕК. 14-15-июнь күндөрү Алматы шаарында регионалдык коопсуздук жана кызматташууга арналган конференциясы болот. Аны өткөрүүгө демилгечи болгон Казакстандын стратегиялык иликтөөлөр институтунун директорунун орун басары Гүлмира Курганбаеванын «Казинформ» агенттигине берген маалыматына караганда, анда Борбор Азия менен Каспийдин жээгиндеги мамлекеттердин жаңы геосаясатын калыптандыруу, региондун өзгөчөлүктөрү менен келечегин аныктоо, региондун коопсуздугуна коркунуч кылган жагдайлар жана кызматташуу маселелери талкууга алынат. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин делегацияларынын катарында Кыргызстандын өкүлдөрү да барат.

XS
SM
MD
LG