Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Сот Аксы окуясында жабыркагандардын арызын канааттандырган жок


БИШКЕК. Аксы окуясында окко учкан атуулдардын жакындарынын граждандык тартипте берген доо арызын райондук сот канааттандырган жок. Бул тууралуу ишти караган Аксы райондук соттун төрагасы Алтымыш Маткасымов бүгүн билдирди. Анын айтымында, соттун мындай чечим чыгарышынын себеби беш күндөн кийин жарыяланат.

2002-жылдын 17-18-мартындагы кандуу окуяда каза тапкандардын жакындары моралдык зыян үчүн ар бир үй бүлөгө 2 миллион сомдон, ал эми материалдык зыян үчүн 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин айып-төлөмдү өкмөттөн өндүрүп берүү талабы менен ушул жылдын февраль айында сотко кайрылган. Ал иш 15-июнда карала баштаган эле.

Жогорку Кеңешке Аксы районунан шайланган депутат Азимбек Бекназаров соттун мындай чечимине нааразычылык билдирип, аны жокко чыгаруу үчүн апелляциялык арыз облустук сотко берилээрин маалымдады.

XS
SM
MD
LG