Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

КАНТ АСКЕРИЙ БАЗАСЫНА ЖҮК ТҮШҮРҮҮ АТКЕЗЧИЛИККЕ АЛЫП БАРАТ


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны шаршемби күнү баштала турган ХХ сессиясында 30 чамалаш документти ратификациялоону көздөп жатат. Алардын катарында Жамааттык коопсуздук күчтөрү уюмунун алкагындагы кызматташтык тууралуу Орусия менен Кыргызстан макулдашкан бир кылка документтер бар. Россиянын аскерий базасын Кыргызстандын аймагына жайгаштыруу тууралуу эки тараптуу макулдашуу да ушул документтердин тутумуна кирет.

Эл өкүлдөр жыйынынын Эл аралык, тышкы экономикалык жана парламенттер аралык маселелер боюнча комитети сессия ратификациялай турган өкмөттөр аралык 30 чамалаш документти сессияда кароого макулдук берди. Алардын бири - «Кыргызстандын аймагына Россиянын аскерий базасын жайгаштыруунун шарттары жана макамы жөнүндөгү» эки мамлекеттин макулдашуусу. Документти Парламенттин мыйзам чыгаруу жыйыны май айында ратификациялаган.

Былтыр сентябрда Москвада кол коюлган бул макулдашуунун алкагында азыр Кыргызстандын Кант аба майданында Россиянын аба-аскерий күчтөрү жайгашып турат. Ал өткөн жылы октябрда Россия президенти Владимир Путин менен Кыргыз президенти Аскар Акаевдин катышуусунда расмий ачылган.

Комитеттин отурумунда маалымат берген коргоо министри Эсен Топоевдин айтымында, макулдашуунун максаты - жамааттык уюмдун тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн ишмердүүлүгүн өркүндөтүү. Канта аба-аскерий базасы ушул жалпы максаттын аба-аскерий өңүттөгү бир компоненти. Мурда болжолдонгон жалпы аракеттин мындан аркы багыттары өткөн аптада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекет башчылардын Астана жолугушуусунда да талкууланды. Бул тууралуу коргоо министр Эсен Топоев буларга токтолду:

- Мындан ары байланыш каражаттары күчөтүлөт. Башкача айтканда, Союз кезиндегидей туташ байланышты уюмдун милдеттерин ишке ашырууга ылайыктап, өркүндөтөбүз. Ошондой эле биз курал-жарактарды жана техниканы жеңилдетилген жол менен жеткирүү маселесин талкууладык. Мындан тышкары бир апта мурда кадрларды бекер окутуу маселесин да караганбыз. Башкача айтканда, мунун бардыгы тутумдаш маселелер.

Топоевдин айтымында, Жамааттык күчтөрдүн Борбор Азия алкагындагы ишмердүүлүгүн күчөтүү өңүтүндөгү алгачкы аракеттери Баткен окуясынан кийин башталып, тез аракеттенүүчү күчтөрдүн Бишкек борбору түзүлгөн. Министр Кантта базанын жайгашышын уюмдун аракеттеринин кезектеги этабы катары белгиледи.

Макулдашууга ылайык базаны каржылоонун айрым бөлүгү Кыргызстанга жүктөлгөн. Тагыраак айтканда, жергиликтүу тарап учуп-конуу тилкесине байланышкан чыгымдардын 50 пайызын төлөйт. Учууларды техникалык жактан жабдуу да Кыргызстандын милдети. Мындан тышкары 90 пайызында жергиликтүү аскерий кызматчылар жайгашкан аскерий шаарчаны да жылуулук жана байланыш менен жабдыйт. Министр Топоевдин айтымында, ушул өңдүү чыгымдарды жабууга бюджеттин каруусу жетпейт. Каржылык бул өксүктү өкмөт жүк ташуучу учактарды кондурууга уруксат берүү аркылуу толтуруу аракетин көрүүдө. Айрым депутаттардын жана эксперттердин баамында аскерий базага жүк ташуучу аба транспортун кондурууга мыйзам тыюу салат. Анын биринчи себеби – шарт жок, бул жерге бажы терминалы жайгашкан эмес. Бул өз кезегинде аткезчиликтин өөрчүп кетишин шарттайт. Маселени комитетте депутат Кыдык Исаев көтөрдү:

- Кант аба майданын жүк ташуучу транспортту кабыл алууга пайдаланууга болбойт. Бул салык төлөөдөн качуу деген болот. Анткени, бажы терминалы жок. Башка аэропорттогу же дагы башка жердеги бажы текшерүүсүнөн өтүш үчүн Канттан 10 тонна жүк чыкса, маселен, анын 5 тоннасы гана жерине жетет экен.

Депутаттардын айтымында, коомчулук өлкөгө бажы текшерүүсүнөн тышкары кирген жүктөрдүн көпчүлүгүн аскерий база менен байланыштырууда. Мындай дооматты Топоев имиштерден куралган, негизсиз доомат катары баалады. Ал эми Кыдык Исаевдин айтымында, Жогорку Кеңеш чектегенине карабастан, жүк ташуучу аба транспортторун кондурууга премьер министр Николай Танаев атайын токтом менен уруксат берген деген божомол атылууда.

Комитет караган коргоо тармагындагы дагы бир документ - Россиянын Кыргызстан аймагындагы аскерий обьектилерин пайдалануу тууралуу протокол болду. Алардын бири – Россиянын коргоо министрлигинин аскерий-деңиз флотунун командалык пунктунун Чалдовардагы байланыш түйүнү. Ал суу алдындагы аскер флотун байланыш менен камсыздайт жана стратегиялык максатта пайдаланылат. Ошондой эле Койсарыдагы сыноо жүргүзүүчү база, Бул «Дастан» ишканасы менен бирге аскерий торпедалык куралдарга жана буюмдарга сынак жүргүзөт.

Бул документке тараптар 2002-жылы 13-июнда кол коюшкан.
Ушул эле отурумда комитет «уран заттар, түстүү, баалуу металлдар жана башка стратегиялык материалдардын өндүрүшү боюнча кызматташтык» тууралуу эки мамлекеттин коргоо министрлери кол койгон макулдашууну да сессиянын күн тартибине киргизүү чечимин чыгарды.

XS
SM
MD
LG