Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Генри Матистин сүрөтү 12 миллион долларга сатылды


Франциялык сүрөтчүнүн түрк гареминде кара орундукта отурган европалык түспөлдөгү күң кыздын сүрөтү Лондондогу атактуу Кристи аукционунда сатыкка коюлду. 1942-жылы тартылган сүрөттөгү кызды Матис "менин кичинекей ханышам" деп атаган.

Ал эми Валисий Кандинскийдин Бавариянын Альпы тоолорунда тарткан пейзажы күтүлгөндөн алда-канча кымбатка, 5 жарым миллион долларга сатылды. "Дүнаберг" деп аталган сүрөт Кандинскийдин абстракттуу экспрессионизм багытындагы алгачкы кадамы болуп калган.

Кечки жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG