БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Москва менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык комиссияларынын 3-жыйыны өттү. Кыргызстандык делегацияны вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ал эми орусиялык делегацияны Москва шаарынын мэринин орун басары Анатолий Петров жетектеди. Отурумдун соңунда кыргыз өкмөтү менен Москва өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча протоколго кол коюлду.