Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

ЖОРЖ БУШТУН ТҮРКИЯ САПАРЫ


Аким Өзгөн, Ыстамбул АКШнын президенти Жорж Буштун НАТОнун саммитинин алкагында Түркияга сапары бүгүн Анкарада Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбарын коюу каадасы менен башталды. Буш Анкарада жашаган америкалыктар менен жолукту. Андан ары ал Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Ердоган менен сүйлөшүү өткөрдү.

Буш менен Ердогандын бир саатка созулган сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн өз ара байланыштарына тийешелүү маселелердин бардык чөйрөсү талкууга алынды. Баарынан мурда Кипр маселеси жана аралдагы кийинки өнүгүүлөрү талкууга алынды. Ердоган Кипр түрк мамлекетине карата эларалык чектөөлөрдүн алынып салынуусу жөнүндөгү талабын кайталады. Ирак маселеси дагы ортого коюлуп, Ердоган Ирактын территориялык бөлүнгүстүгү жана жаңы түзүлө турган Ирак мамлекетинде бардык этностук топторго, анын ичинде түркмөндөргө да тең укуктар берилиши керек экендигин айтты.

Өлкөдө жикчил күчтөргө каршы күрөш жүргүзүү маселеси да талкууланып, бул маселеде конкреттүү кадамдар шилтенбей жатканын Түркиянын өкмөтү өз тынчсыздануусун билдирди.

Президентин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс жана мамлекеттик секретары Колин Поуэлл, ошондой эле, Түркиянын тышкы иштер министри Абдуллах Гүл катышкан сүйлөшүүдө Ооганстандагы абал, Палестина-Израил чатагы жөнүндө дагы пикир алмашуу жүрдү. Президент Буш Ооганстанда тынчтык орнотууга Түркиянын кошкон салымына ыраазычылыгын билдирди. Ердоган болсо Палестина-Израил жаңжалынын чечилиши үчүн арачылык кылууга дилгир экенин дагы бир жолу кайталады.

Бул көрүшүүдөн кийин президент Буш Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезердин президенттик резиденциясында мамлекеттик азем менен тосулуп алынды. Сезер Иракка түрк аскерлерин жиберүүгө каршы чыккан. Ошол себептүү мурда мамиле сууй түшкөнү менен, бул ирет эки президент жылуу маанайда кучакташып саламдашты. Бул окуя кабарчылардын көңүлүн өзүнө тартпай койбоду. Бир сааттан ашык сүйлөшкөндөн кийин, Сезер Буштун урматына түшкү сый тамак уюштурду.

АКШ президенти Анкарадагы сүйлөшүүлөрдөн соң НАТОнун саммити баштала турган Ыстамбулга келди.

Ушул арада Ыстамбул шаарынын Кадыкөй деген жакасында Түркиянын ондогон бейөкмөт уюмдары катышкан массалык митинг өткөрүлдү. Анда НАТОнун саммитине жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясатына нааразычылык билдирген ураандар чакырылды.

Дүйшөмбүдө баштала турган НАТО саммитинин чеги ичинде ушул тапта Ыстамбулда делегациялар арасы сүйлөшүүлөр да жүрүп жатат. Түркиянын коргоо министири Вежди Гөнүл менен АКШнын коргоо министири Доналд Рамсфелд жетекчилик кылган эки тараптын делегациялары күчөтүлгөн кайтарууда жыйналыш өткөрүштү. Сүйлөшүүдө баарынан мурда Ооганстандагы, Ирактагы абал менен бир катарда регионалдык маселелер талкууланды. Чоң Жакынкы Чыгыш демилгесинин чегинде регионалдык жана эларалык чөлкөмдө, коргонуу жана коопсуздук маселелери да сүйлөшүүлөрдөгү өзөктүү темалардын бири болууда.

Маалыматтарга караганда Иракка 138 миң аскер киргизген АКШ Чоң Жакынкы Чыгыш демилгесинин коопсуздукка тийешелүү бөлүмүн НАТО менен бирге ишке ашырууну каалап жатат. Бул үчүн ал азыр колдоо издеп жаткан убагы.

XS
SM
MD
LG