БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев жетектеген делегация НАТОнун саммитине катышуу үчүн Стамбулга жөнөп кетти. Ал 29-июнда Түндүк атлантикалык кеңештин жана Евроатлантика өнөктөштүк кеңешинин мамлекет жана өкмөт башчылар деңгээлиндеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Стамбул саммитинде эл аралык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш сыяктуу бир катар маселелер талкууланмакчы. Кыргызстан НАТО уюму менен 1994-жылдан бери «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында кызматташууда.