Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ ОТУН-ЭНЕРГИЯ ТАРМАГЫНЫН ИШИНЕ ЫРААЗЫ ЭМЕС


Шаршемби күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны сессиясын улантып, Кыргызстандын отун-энергетика тармагындагы ишканалардын 2000-2003-жылдарда электр энергиясын өндүрүп, сатуусун текшерген депутаттык комиссиянын маалыматын укту. Палата маселени талкуулагандан кийин энергетика тармагында түзүлгөн кыйын кырдаал тууралуу так маалыматты мамлекет башчысына жеткирүү милдетин алдыга койгон токтом кабыл алды.

Кыргызстандын отун-энергетика тармагындагы ишканалардын үч жыл аралыгындагы ишин текшерген комиссиянын төрагасы Жаныш Рустембековдун маалыматына караганда, энергетика тармагындагы азыркы кризис 1996-жылы башталган. "Ага «Кыргызэнерго» акционердик коомун натыйжасыз башкаруу менен анын жетекчилеринин каражатты жең ичинен жегендери нук салган" деди Рустембеков. «Кыргызэнергону» бөлгүчө эле орун алган башаламандык тармактын азыркы жетекчилеринин шалаакалыгы менен коштолду. Ушундан улам 2000-жылы эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңеш «Кыргызэнергону» текшерүүдө ачылган мыйзам бузуулар боюнча актты Башкы прокуратурага берген. Жаныш Рустембековдун айтымында, бирок андан жыйынтык чыккан жок:

- Тилекке каршы, Башкы прокуратура мына үч жылдан бери финансылык мыйзам бузууларга барган кызмат адамдарын жоопко тартуу боюнча чечкиндүү чара көрө элек.

Жаныш Рустембеков «Кыргызэнергонун» жетекчилеринин каражатты мыйзамсыз сарптагандарына күбө катары төмөнкү фактыларды мисалга тартты:

- «Кыргызэнергонун» жетекчилеринин 1996-99-жылдар аралыгында өз ара эсептешүү деген шылтоо менен жүргүзгөн чайкоочулугунун негизинде жең ичинен жеген каражат 961 миллион 480 миң сомду түзгөн. Урматтуу депутаттар, бул цифраларга көңүл буруп көргүлөчү, үч жарым жылдын ичинде алар мамлекет менен элдин бир миллиард сомун кымтып алышкан. Бирок эч ким жоопко тартылган эмес

Парламенттик иликтөө жүргүзгөн комиссия андан тышкары, электр энергиясын пайдалануу боюнча так эсеп жок, аны күнүн бир ууч гана адам көрүп байып жатат, кыргыз өкмөтү электр энергиясына тарифти көтөрүүгө басым жасаган Эл аралык валюта корунун жетегинде калган жана "Улуттук электр тармактар" ишканасы өз маянасы менен материалдык чыгымдарынын эсебин жок жерден көтөрүүнү гана көксөп калган деген бүтүмгө келген. Андан тышкары, тармак жетекчилеринин балдары жогорку окуу жайларда электр энергиясынын эсебинен окуп жатышкандыгын аныктаган.

Ал эми комиссиянын мүчөсү Валерий Диль энергетика тармагындагы кыңыр иштер боюнча өз алдынча да иликтөө жүргүзүп, олуттуу материалдарды топтогондугун жана бул тармакты эбак эле мафия башкарып алганын жарыя кылып, кырдаалды так көрсөткөн маалыматты президенттин өзүнө жеткирүүнү сунуш кылды:

- Энергетика тармагында коррупция гана эмес, эбак мафия орун алган. Ошон үчүн бүгүнкү токтомго тармактагы кырдаал тууралуу так маалыматты комиссия сессиянын тапшырмасы менен президенттин жеке өзүнө жеткирсин деген атайын пунктту киргизүү керек. Комиссия өкүлдөрү материалды президенттин үстөлүнүн үстүнө коюп, оозеки да маалымат берсин. Себеп дегенде биз бул жакта кабыл алып, президентке жиберген чечимдерибизден жыйынтык чыккан жери жок. Анткени алардын көбү президенттин өзүнө жетпейт. Бул маселени тезинен чечүүгө мезгил жетти. Маселен, мен өкмөттүн тапшырмасы менен Германияга кетсем, мен директорлор кеңешинин төрагасы болгон жүгөрү иштетүүчү заводго «Түндүк электронун» кишилери келиптир да, бардык мыйзамдар менен укуктарды бузуп туруп, тепловозду Казакстанга сатып жибериптир. Аны Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери кечки саат жетиге чейин кайтарышат. Кайтаруучулар кеткенден кийин алар түн ичинде келип, заводдун директорунун тизелетип туруп, май чыгаруучу заводду да тартып алышыптыр. Мамлекетте эч ким мамлекеттик менчикти коргой албайт. Бул өлкөдө мамлекеттик тартиптин шалкылдап, бошоп калгандыгын айгинелейт. Мыйзам алдында эч ким жооп бербейт, эч ким чечкиндүү аракет көрө албайт. Бул жерде белгилүү бир адамдар кийлигишкендигине көзүм жетип турат. Мен бул жерде бир түндө тепловоз менен араңдан зорго иштеткен май чыгаруучу кичинекей заводду текейден арзан баага сатууга мажбурлашкандарына күйүп турам. Мен бул жерде эмне кылаарымды билбей калдым! Бул эмне деген шумдук? Мамлекетте эмне болуп баратат?.

Валерий Диль бул окуяны Башкы прокуратуранын катышуусу менен палатанын атайын тобу иликтешин талап кылды.

Ал эми «Түндүкэлекектро» акционердик коомунун президенти Сапарбек Балкыбеков Валерий Дилдин билдирүүсүн четке кагып, Аксуудагы жүгөрү иштетүүчү заводго тиешелүү тепловоз ишкананын карызы үчүн Чүй облустук сотунун чечими менен алынып, сатылгандыгын билдирди:

- Аксуудагы жүгөрү иштетүүчү заводдун «Кыргызэнергого» 1994-жылдан берки карызы чоң болчу. 2003-жылы анын жалпы көлөмү 14 миллион сомго жеткен. Анан 2002-жылдын ноябрь айында «Тундүкэлектро» акционердик коому карызды өндүрүп алуу үчүн ишкананы сотко берген. 2003-жылдын январь айында сот жүгөрү иштетүүчү завод «Түндүэлектрого» карызы үчүн 3 миллион 900 миң сом төлөп берсин деген чечимин чыгарган. Ал чечим бир жылдан бери аткарылбай жаткан. Ушул июндун башында сот аткаруучу чечимдин негизинде тепловозду сатып жиберди деп уктум. Сот аткаруучу соттун чечимине ылайык тепловоздон түшкөн акчаны бизге которуп берген. Демек, Валерий Дилдин айтканы таптакыр туура эмес, аны текшерсе болот.

XS
SM
MD
LG