Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

"Жибек жолу" боюнча меселе козголду


БИШКЕК. 2-июлда Эл өкүлдөр жыйыны «Жибек жолу» акционердик коомунун чет өлкөдөн алынган кредитти кайтаруусуна байланыштуу маселени карады. Ал боюнча башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев маалымат берип, бул ишти аягына чыгаруу үчүн «Жибек жолунун» өкмөткө 30 миллион доллар карызы боюнча өкмөт өзү бир жактуу чечим кабыл алууга тийиш деген тыянагын билдирди. Натыйжада башкы прокуратуранын бул маселени аягына чыгаруусуна жардам берүү үчүн тармактар аралык комиссия түзүү чечими кабыл алды. Комиссиянын курамына беш депутат, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы жана өкмөттөн экиден өкүл кире турган болду. Аны Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты жетектеп, жасалган иш боюнча күзгү сессияда палатага маалымат берет.

1990-жылдардын башында «Жибек жолу» акционердик коому өкмөттүн кепилдигине таянып, Европа Биримдигинен 25 миллион доллардан ашуун насыя алган. Аны өзү төлөй албагандан кийин, кепил катары өкмөт 30 миллион доллар акчаны казынадан төлөп берүүгө мажбур болгон. Башкы прокуратура жана депутаттар бул ишке тиешеси бар Аскар Сарыгулов, Абдыжапар Тагаев жана Карим Уразбаевди жоопкерчиликке тартуу маселесин коюшууда.

XS
SM
MD
LG